КАРА-БАЛТА (Жайыл районунда­гы шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАЛТА – Чүй обл-нун Жайыл р-нунда­гы шаар, райондун борбору. Чүй өрөөнүндө, Кара-Балта суусунун боюнда, Бишкек – Тараз (Казакстан) – Ташкент (Өзбекстан) автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңг. 780 м бийикте жайгашкан. Бишкек ш-нан 62 км, облустун борбору Токмок ш-нан 122 км батыш тарапта. Шаар 1975-ж. 9-сентябрда Кош-Тегирмен шаар-


Шаардын кире бериши.

часы м-н Калинин кыш-нын бир бөлүгүнүн ко­шулушунан пайда болгон. Аянты 320,1 га. Кал­кы 37,8 миң (2009); кыргыз, орус, украин, өзбек, немис, казак ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Т. ж. бекети бар. Шаарда облустун ө. ж. про­дукциясынын 70%и өндүрүлөт. Уран ж-а алтын концентраттарын тазалоочу, тамак-аш (кант, спирт, ун, нан, сүт, консерва), электр-тех. буюм­дар, кийим тигүү ө. ж. ишканалары, килем ком­бинаты, «Кыргызалтын» АКтын «Афинаж» з-ду иштейт. Шаарда 11 орто, 2 башталгыч, 2 жатак, муз. ж-а спорт мектептери, китепкана­лар, 2 кесиптик лицей, тамак-аш ж-а мед. окуу жайлары, Тех. ун-ттин филиалы, Чүй ун-ти­нин окуу-консультация пункту, Хизрети Осмон атн. Ислам дини б-ча ЖОЖ, христиан диний окуу мектептери, 2 мад-т үйү, музей, 2 кино­театр бар. Үч поликлиника (а. и. тиш дарылоо­чу), 2 оорукана, 2 санитария-эпидемиология станциясы, банктар, базарлар иштейт. Шаар­дын чегинде мечиттер ж-а чиркөөлөр жай­гашкан.