КАП ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАП ТООЛОРУ – Африканын түш. четинде, ТАРдын аймагында жайгашкан орто бийикте­ги тоолор. Порт-Элизабет ш-нан (чыгышы) Оли­фантс д-нын чатына (батышы) чейин 800 кмге созулат. Жарыш жаткан бир нече кырка тоо­лордон (Свартберг, Лангеберг ж. б.) турат; орт. бийикт. 1500 м, эң бийик жери 2326 м. Тектон. жактан герцин бүктөлүүсүнө кирет. Палеозой­дун кумдук, алевролит ж-а кварцит тоо текте­ринен түзүлгөн. Субтропиктик климаттык ал­какта жайгашкан; батышында жер ортолук деңиздик климат өкүм сүрөт; тоо аралык ой­дуңдарда ж-а түндүктөгү тоолордун ылымта капталдарында 250 ммден, тоолордун айдарым түш.-батыш капталдарына 1000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Кышында кыр бөлүгүнө кар түшөт. Батышына күрөң топурактуу дайыма жашыл бадалдар (финбош) ж-а сейрек токой, чыгышына аралаш токой (виддрингтония), ылымта беттерге ж-а ички өрөөндөргө бозомук­күрөң топурактуу жарым чөл өсүмдүктөрү мү­нөздүү. Флорасынын 70%и эндемиктер. К. т-нун чегинде 100гө жакын табигый аймак коргоого алынган, алар – коруктар, улуттук парктар ж. б. Алардын 8и Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизме­сине кирген.