КАПОЭЙРА
КАПОЭ'ЙРА – бразилиялыктардын эрежесиз таймаш өнөрлөрүнүн түрү. К-да татаал акробатикалык ж-а алдамчы кыймыл, буйтоо, каршылашын б ' катпай чалуу, ага күтүлбөгөн сокку уруу ж. б. ыкмалар колдонулат. К. 1500-жылдардан белгилүү. 1888-ж. Бразилияда кулчулук жоюлгандан кийин К. улуттук спорт түрүнө айланып, 1937-ж. улуттук спорт конфедерациясынан расмий укукка ээ болгон. К. б-ча алгачкы мектеп Сальвадор ш-нда К. чебери Бимба (Мануэль дос Рейс Мачадо, 1900–1974) тарабынан негизделген. 1950-жылдан К. б-ча расмий мелдештер спорт сүйүүчүлөр м-н профессионалдар арасында өткөрүлөт. Дүйнөлүк чемпионат Бразилияда өтөт. 1990-жылдардын ортосунан АКШда ж. б. өлкөлөрдө өткөрүлүүчү эрежесиз мушташтарда Грейси кланынын чеберлери (Бразилиялык жиужицуну ж-а валетюдону жайылткандар) жеңишке жетишкенден баштап, К. дүйнөгө кеңири кулач жайган. Азыр К. дүйнө б-ча 60тан ашык өлкөдө өөрчүүдө. Кырг-нда К-га окшош эрежесиз мушташ түрлөрүнүн бири валетюдо (көчө мушташы) кеңири кулач жайып, атактуу спортчулар (Алмаз Акун ж. б.) бар.
Ад.: История боевых искусств. От нового света до
Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гагонин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999.
Б. Үсөнканов.