КАПИТОЛИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИТО́ЛИЙ (лат. Capitolium, Capitolinus mоns) – 1) Байыркы Рим жайгашкан дөбөлөрдүн бири. К. байыртан эле динге сыйынуучулардын борбору болгон. Мында К. чиркөөсү жайгашып, сенат кеңешмелери, элдик чогулуштар өткө­рүлгөн. К-дин түш.-батышындагы жардуу жан­таймаларынан (Тарпей зоокалары) кылмышкер­лерди ыргытышкан; 2) Вашингтондогу АКШ конгрессинин имараты. 1793–1865-ж. салынган (арх. – У. Торнтон, Б. Латроб, Т. Уолтер). О. эле АКШ штаттарынын борборлорунда жерг. мый­зам чыгаруучу ассамблеялардын чогулуштары өтүүчү имараттар да К. деп аталат.

Вашингтондогу Капитолийдин имараты.