КАПИЛЛЯРДЫК КУБУЛУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИЛЛЯРДЫК КУБУЛУШ – ичке түтүкчөдөгү (капиллярдагы) суюктуктардын деңгээлинин жоон түтүкчөдөгү деңгээлге салыштырганда

Капилляр кубулуш­тары.

жогору же төмөн болушу. К. к-ту биринчи жо­лу 1561-ж. Леонардо да Винчи ачкан. Диаметри 1 ммге жакын же андан кичине түтүкчөлөр ка­пилляр деп аталат. Эгер суюктук капилляр бе­тин нымдаса, анда ал кең идиштеги деңгээлге салыштырганда жогору көтөрүлөт. Капилляр канчалык ичке болсо, идиштеги суюктук ошон­чолук жогору көтөрүлөт. Эгер суюктук түтүкчө бетин нымдабаса, анда, тескерисинче, капил-

лярдагы суюктук деңгээли кенен идиштегиден төмөн болот. Капиллярда нымдоочу суюктук­тун (мис., айнек түтүкчөдөгү суу) бети иймек, ал эми нымдабоочу суюктуктун (айнек түтүктөгү сымап) бети томпок болот. Суюктук бетинин мындай ийрейиши, бети тегиз суюктуктун ба­сымынын түрдүүчө болушуна алып келет. Ий­мек беттүү суюктуктун басымы тегиз беттүү су­юктуктун басымынан аз. Томпок беттүү суюк­туктун басымы тегиз беттүүнүкүнөн көп. Бул болсо ичке түтүктө суюктуктун төмөндөшүнө алып келет. К. к. өсүмдүк сугарууда, жер кыр­тышында ж. б. көпшөк нерселер аркылуу су­юктукту (сууну) жайылтууда маанилүү. Ар кан­дай материалдын капиллярдык сиңирүүсү хим. технологияда кеңири колдонулат.