КАПИЛЛЯРДЫК КОНДЕНСАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИЛЛЯРДЫК КОНДЕНСА́ЦИЯ – катуу нер­селердин көңдөйчөлөрүндөгү суюктуктун канык­кан буусунун басымы азайганда, суюк тамчы­нын пайда болушу. Кубулуш катуу заттардын тешикчелери аркылуу сууну соруу убагында кез­дешет. Адсорбенттердин беттери сууланган кез­де, алардын ичиндеги майда түтүкчөлөрдө ийил­ген мениск пайда болот да, алардын үстүнкү бетиндеги буулардын салыштырма басымы тө­мөндөп, суюктукка айланат. Натыйжада адсор­бенттердин бардык тешикчелерине суюктук то­лот. К. к. майда тешикчелүү зат аркылуу суюк­туктарды чогултууда ө. ж-да колдонулат, о. эле кургатуу ж-а нымды сактоо процесстеринде маа­ниси чоң.