КАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАП – таардан жасалган идиш. К. чарчылана бычылып, жээги кыюуланып, ар кандай өлчөмдө тигилет. К. кара ж-а ак жиптерден жөнөкөй согулган таардан жасалат. К-тын ооз жагынын эки жанына өрмөк жибинин калдыгынан эши­лип же өрүлүп жасалган эки кулак тагылат. Бирөөнө буугуч жип байланат. Кичине К. дор­бо, чоң К. зумбал деп аталат.