КАҢГҮЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАҢГҮЙ , К а н г х а, К а н г д и з – О. Азиядагы байыркы мамл. бирикме. Ал Арал деңизи, Аму- Дарыя ж-а Сыр-Дарыя, Хорезм, Ташкент, Та­лас суусуна чейинки аймактарды ээлеген. К. мам­лекетине беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) карап, 600 миңдей калкы, 120 миңдей аскери болгон. К. мамлекети б. з. ч. 2-к-да усун уруулары ж-а Даван мамлекети м-н элчилик, соода ж-а маданий байланыш түзгөн. Б. з. ч. 1- к-дын ортосунда кытайларга каршы хунндар м-н союздашып, б. з. 1-к-нда кушандар м-н ма­милесин жөнгө салып, К. падышасы кызын Ку­шан мамлекетинин башчысына берген. Б. з. 1– 3-к-нда Хорезм ж-а Ташкент аймагын Кушан мамлекетине тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарда б. з. 287-ж. К. элчилери Кы­тайдын Батыш Цзин, 379-ж. Эртецин, 437-ж. Вей падышалыктарына келгендиги баяндалат. К-лөр этностук жактан соңку түрк элдерине (кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, башкыр, ногой, крым татарлары, кара калпак ж. б.) жуурулушуп кеткен.


Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998.