КАНТХО
КАНТХО́ – Вьетнамдын түш.-батышындагы борборго баш ийген шаар. Хошимин ш-нан 170 км
түш.-батышта, Меконг – Бассак (Хау) д-нын
башкы салаасынын биринде жайгашкан башкы шаар. Калкы 268,7 миң (2008; агломерациясында 1,2 млн). Жолдор тоому. Деңиз порту.
Аэропорту бар. 1739-ж. негизделген. 1991–
2004-ж. Кантхо провинциясынын адм. борбору болгон. Будда пагодалары, калкыма базарлар, ун-т (Күрүч ИИИ м-н) бар. Күрүчтү экспорттоо б-ча дүйнөдөгү эң ири борбор. «Чанок» ж-а «Хунгфу» индустрия парктары, жашылча-жемиш консерва, кант өндүрүшү, пиво кайнатуу з-ддору, текстиль, кеме куруу ө. ж. ишканалары, ЖЭС иштейт.