КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ (Beta vulgaris L. var. saccharifera) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар ту­кумунун кызылча уруусунун бир түрү; кант алы­нуучу эки жылдык тех. өсүмдүк. Биринчи жылы түбүнөн жалбырак, ширелүү, канттуу азык-та­мыр пайда болот. К. к-нын тамыры жоон, не­гизги мөмө тамырынан жыш каптал тамырла­ры 100 смге чейин топуракка сойлоп өсөт. Са­бактуу жалбырагы тамырынан өсүп, жазы бо­лот. Экинчи жылы жалбырак моюнчасындагы бүчүрдөн гүл сабагы өсүп чыгат. К. к-нын па-

ренхима тканында кант жыйналып, ал азык­тамырдын орто (жоон) жеринде көп (17–18%) болот. Аба ырайынын ыңгайлуу шартында уругу 6–8 күндө өсүп чыгат. Ар бир түп 7ге жакын жалбырак байлап, анын өсүү убагы 25–70 күнгө созулат. Вегетация мезгилинин ортосунда жал­бырагы м-н тамыр системасы өсүп, кант аз топ­толот, экинчи жарымында кызылчада кургак зат, көбүнчө кант көп пайда болот.

Июль – сен­тябрь айларында жалбырак м-н тамырдын өсүшү басаңдап, канттуулугу артат. К. к. чирин­ди катмары калың ж-а агрофиз. касиети жого­ру кара топуракта жакшы өсүп, арбын түшүм берет. Кара топураксыз аянтта деле орг. ж-а минерал жер семирткичтер м-н кошумча азык­тандыруу аркылуу мол түшүм алууга болот.
К. к. – тамак ө. ж-нын баалуу сырьёсу. Андан канттан башка тоют (топ, шире ж-а жалбырак) да алынат. К. к-нан алынуучу кант дүйнөдө алынган канттын 30%ин түзөт. К. к-нда 75% суу, 25% кургак зат (а. и. кант 23%), 2,5% клетчатка, 2,5% пектин, 0,8% фрук­тоза м-н глюкоза ж-а 1,1% азотсуз зат болот. Кырг-нда ал 1925-жылдан баштап айдала баштаган. Алгачкы мезгилде аз тү­шүм жыйналган. Кийин агротех. эрежелерди сак­тоонун, техниканы, мине­ралдык. ж-а орг. жер се­мирткичтерди колдонуунун натыйжасында түшүм арбып, аянты да көбөйгөн. К. к. респ­нын шартында гектарынан 300–350 ц түшүм алыш үчүн 200 кгга жакын азот, 40 кг фосфор ж-а 150–200 кг калий талап кылынат. Кырг-н­да Кыргыз полигибриди 18, Кыргыздын бир уруктуу-25, Бийск-52, Романовдун бир уруктуу- 32 ж. б. сорттору себилет.


Ад.: Свекловодство, 3 изд. М., 1964; Акималиев А. Сахарная свекла в Киргизии. Ф., 1982; Ибраимов Н. Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстан­да өстүрүүнүн алдыңкы ыкмалары. Б., 1994.

Ж. Маткеримова, Г. Эшимкулова.