КАНТ ДИАБЕТИ
КАНТ ДИАБЕТИ – уйку безинин гормону – инсулиндин жетишсиздигинен зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн эндокрин оорусу. Анын пайда болушуна тукум куугучтук да мааниге ээ. О. эле тамак-аш м-н жеңил сиңимдүү углеводдорду ашыкча пайдалануу түрткү болот. Кандагы кант инсулинди синтездөөчү клеткаларды дүүлүктүрүп, синтез бузулат. Айрым учурда уйку безинин сезгенүүсү (панкреатит), травмасы да диабетке алып келет. Кээде катуу капалангандан, жугуштуу оорудан кийин да болушу мүмкүн. Организмде инсулин жетишпегенде, боор м-н булчуңдар кантты гликогенге айландыруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп, ткандар кантты сиңире албай калат. Натыйжада канда кант көбөйүп (гипергликемия), заара м-н кант көп бөлүнөт (гликозурия). Оорулуу суусайт, заара көп бөлүп чыгарат. Заарасында, канында кант, холестерин көбөйүп, тамак ичкиси келет; денеси кычышып, булчуңдары бошоңдойт, ооздун былжыр чели сезгенет; аялда этек кир цикли бузулат, боюнан түшөт ж. б. Туура эмес ж-а жетишсиз дарылаганда оору күчөйт, оорулуунун алы кетип шалдырайт, тез чарчайт, көрүүсү начарлап, бөйрөк иши бузулушу мүмкүн. Организмде майдын толук эмес ажыроо продуктулары (кетон заттары) чогулат да, канда анын концент-сы көбөйүп, ууландырат. Акырындап оорулуу тамак ичкиси келбей, чаңкап, алы ке-
тет, териси кычышат, кургайт, кускусу келип, кусат, ич ооруйт, оозунан ацетон жыттанат. Оорулуунун абалы начарлайт, шалдырап, уйку басат. Акыры эң оор кабылдоого – диабет комасына алып келет. Оорулуу өмүр бою врачтын көзөмөлүндө дарыланат. Негизинен диета, инсулин, кантты азайтуучу дарылар колдонулат. Диетаны оорулуунун абалына жараша врач белгилейт. Углеводду, майды азайтып, анын ордуна эт, картөшкө, кара нан ж. б. берилет. Тамак витаминдүү, айрыкча С ж-а В тобундагы витаминдер көп болушу зарыл.
Ад.: Дедов И. И., Шестакова М. В. Сахарный диабет. М., 2003.