КАН СЕРПЕНТИНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН СЕРПЕНТИНИ́Т КЕНИ Баткен обл-нун Ка­дамжай р-нунда, Кан шаарчасынан 15 км чы­гышта, Алай кырка тоосунда, деңиз деңг. 1000– 1300 м бийикте. 1955-ж. изилденген. Серпенти­нит Кан кенташ талаасынын ультранегиздүү тектери м-н туташ жатат. Уз. 8 км, туурасы 2 км, тереңдиги 400 мге чейин. Бардык иликтелген сынамыктарда МgОнун орт. өлчөмү 33%ти түзөт, зыяндуу кошундунун (фторлуу каль­цийдин) жоктугу анын сапатын жогорулатат. С2 категориясы б-ча серпентиниттин запасы 21 млн r, МgОго эсептегенде 7 млн r.