КАНОН (философияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНО́Н ф и л о с о ф и я д а – өзгөрбөс, бу­зулбас катары кабылданган (догмат түрүндөгү) жоболор, эрежелер, нарк-насилдер. 1) Библия К-у чиркөө «кудайдын деми сиңген» деп эсепте­ген ж-а таат-ибадат кылууда «ыйык жазуу» ка­тары колдонулган Библия китептеринин жы­йындысы. Православие, католик, протестант чиркөөлөрүнүн К-дорунда айырмачылыктар бар; 2) чиркөөлүк К. – догматика, ырым-жырым, чиркөө ишин уюштурууда христиан чиркөөсү мыйзамдаштырган эрежелер; 3) өтмө мааниде – жалпы кабыл алынып, биротоло бекитилген жоболор.