КАНОН (көркөм өнөрдө)
КАНО́Н (гр. kanоn – норма, эреже– чен-өлчөм) – көркөм сүрөт өнөрүндө – көркөм чыгарманын колорит ж-а композиция нормаларын– анын пропорциялар системасын же иконографияны белгилөөчү так калыптанган эрежелердин жыйындысы. Ал о. эле нормативдик үлгү болуп кызмат кылган чыгарма деп да аталат. К-дун теор. негизин байыркы грек скульптору Поликлет «Канон» аттуу чыгармасында (б. з. ч. 5-к.) иштеп чыккан. Алгачкы К. адам денесинин пропорцияларынын төп келишкен үлгүсүн түшүндүргөн. Динге байланышкан К. системасы Чыгыштын– Африканын– Американын байыркы мад-тында– Европанын ж-а Азиянын о. кылым иск-восунда кеңири тараган. К. көркөм чыгарманын сан-түзүмдүк модели болуп эсептелет; музыкада – обон (бир же бир нече) өзү м-н өзү контрапункт түзүүчү полифониялык форма. Тех. жактан көбүнчө тууроого негизделет. К. добуштарынын саны чектелбегендигине карабастан 2– 4 үндүү болот.