КАНО
КА́НО – Нигериянын түндүгүндөгү шаар. Кано штатынын адм. борбору. Калкы 2,3 млн (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Лагос, Ибадандан кийин). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Болжол м-н 9-к-да негизделген. Курми рыногу (16-к.; Батыш Африкадагы эң байыркы), ун-ттер, коллеж, Нигерия полиция академиясы, китепканалар, музейлер бар. Кол өнөрчүлүктүн (эмалданган идиштер, темир ж-а күмүш буюмдар жасалат, тери ийленип, сафьян беленделет, кездемелер боёлот) ири борбору. Металл иштетүү, тамак-аш (май, эт), хим., текстиль, цемент ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Зоопарк уюштурулган.