ИНДОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 25 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДО́Л , 2, 3 – б е н з о п и р р о л, С8Н7N – ароматтык бирикме, жагымсыз жыттуу, түссүз кристаллдар. Молекулалык м.ассасы 117,18, эрүү t 52°С, кайноо t 153°C. Индол ысык сууда, органикалык эриткичтерде, суюк аммиакта эрийт. Таш көмүр ча­йырында, кээ бир эфир майында кез­дешет. Индол таш көмүр чайырынын наф­тилин фракциясынан дегидрирлөө ж-а андан ары циклдештирүү м-н алынат. Индолдун бирикмелери биологиялык активдүү заттар, мисалы, 3-индолилук­сус кислотасы, серотонин ж. б. Индол гете­роауксинди, триптофанды син­тездөөдө, парфюмерияда колдону­лат.