ИНТЕРНЕТ ПРОВАЙДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРНЕ́Т ПРОВА́ЙДЕР , и н т е р н е т у ю ш­т у р г у ч у – белгилүү өлчөмдөгү акыга интер­нет м-н убактылуу байланышты камсыз кылуу укугун берүүчү мекеме. И. п. тармактын керек жерин башкарууга ж-а тизмесин пайдаланууга жардам берет. Айрым уюштургучтарга керек орундарды издөө ж-а ал орундар өзгөргөндүгүн билдирип туруу кызматтары жүктөлөт. КРде Эл­кат (www.elcat.kg), Азия Инфо (www.asiainfo.kg) ж. б. мекемелер интернет кызматын көрсөтөт.