ИНТЕРНАЦИОНАЛ (Ысык-Ата районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРНАЦИОНА́Л – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Интернационал айыл окру­гуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору ж-а темир жол бекети Кант шаарынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чыгыш Чүй каналы өтөт. 1984-жылы Боз-Бармак ж-а Фриденфельд кыштактары кошулуп, Интернационал аталган. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 3106 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгек­тенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, клуб, китеп­кана, бала бакча бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соо­да түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт.