ИНТЕРНАЦИОНАЛ (Ноокат районундагы кыштак)
ИНТЕРНАЦИОНА́Л (1930-жылга чейин К а ш к а л д а к) – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 6 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 40 км. Калкы 4349 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.