ИНТЕРНАЦИОНАЛ (Ноокат районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРНАЦИОНА́Л (1930-жылга чейин К а ш к а л ­д а к) – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Ноокат шаарынан 6 км чыгыш та­рапта. Ош темир жол бекетинен 40 км. Калкы 2431 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.