КАЛМАК ТИЛИ
КАЛМАК ТИЛИ – калмактардын тили. Моңгол тилдеринин тобуна кирет. Ал торгут, дербет ж-а бузав айтымдарына бөлүнөт. Калмак тили Астрахань, Ростов, Волгоград облустарына, Ставрополь крайына тараган. Калмак тилине кыска жана созулма үндүүлөр мүнөздүү, 8 жөндөмөсү бар. Калмактар 17-кылымдын ортосуна чейин моңголдордун тик (вертикаль) жазуусун пайдаланышкан, 1648-жылы ал зая-пандит жазуусу менен алмашкан. 1924-жылы орус алфавити киргизилген. 1931–38-жылдары латын алфавити колдонулган. 1938-жылдан кайра орус алфавитине өткөн. 1992-жылдан Калмак тили орус тили менен катар мамлекеттик тил болуп саналат.