КАЛЫГУЛ Бай уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:50, 26 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, азыркы Ысык-Көл р-ну, Кара-Ой айылы – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыз элине кеңири белгилүү ойчул, нускоочу акын; «Замана» агымынын өкүлдөрүнүн бири.

Калыгул. Р. Исаков тарткан сүрөт.


Калыгулдун өмүр жолу, чыгармала­ры жөнүндө так маалыматтар аз. Октябрь революциясына чейин Калыгулдун мурастары эл арасын­да оозеки айтылып келген. Совет доорунун биринчи жылдарында анын чыгарма­лары аздап жыйнала башта­ган, илимий жактан изилденип, мектептерде жана педогогикалык институтта окутулуп келген. Бирок совет мезгилинин, айрыкча 1947- жылдан анын чыгармачылыгы реакциячыл деген жалаа менен катуу сынга алынган. Ал жөнүндө изилдөөлөр ток­тотулуп, чыгармалары пайдаланууга тыюу са­лынган. Калыгул 6–7 жашынан айылындагы Сопу ата

деген чоң молдодон таалим алган. Чыгармала

Калыгулга Кара-Ой айлында тургузулган күмбөз. 1999.

рындагы маалыматтарга караганда Чыгыш эл­деринин ад-тынан, мад-тынан, тарыхынан ка­бардар болгон. Айрыкча О. Азиянын Кулкожо Акмат (Кулкожоакмат), сопу Алдаяр (Сопол­даяр) сыяктуу белгилүү инсандардын чыгарма­лары, филос. көз караштары, сопучулук (суфи­зим) түшүнүктөрү м-н терең тааныштыгы бай­калат. К. жаш кезинен эле эл оозуна алынып, кадыр-баркы артат. К. өзү жашаган тарыхый доордун улуу өкүлү катары кыргыз жергесинде болуп жаткан орчундуу окуялардын дээрлик бардыгына катышып, көпчүлүк учурларда ак­тивдүү роль ойногон. Түндүк кыргыздар м-н Кокон хандыгынын иш алакаларында элчи, кеңешчи катары өз уруусунун ж-а элинин тала­мын коргогон. Сарбагыш, бугу урууларынын, жалпы эле Көл чөлкөмүнүн Кокон хандыгына баш ийбей калышында К-дун ролу чоң делет. Ал Ормондун хан шайланышына активдүү ка­тышат. К. акылман, олуя катары кыргыз жер­гесин басып алууга умтулуп, каптап келе жат­кан орус падышачылыгынын баскынчылык са­ясатынын коркунучун алдын ала көрө билген. Ал коом, турмуш, жашоо, каада-салт, тиричи­ликтин түрдүү учурлары ж-дө ой-пикирлерин, корутундуларын, кеп-кеңештерин «маселдер» деп атап, накыл сөз түрүндө, уйкаштыкка кел­тирип баяндаган. Ал башка акындардан айыр­маланып, чоң жыйындарда ырдабай, айтышка түшпөй, комуз чертпей, ырларын маселдетип, жорго, накыл сөз түрүндө куюлуштуруп, обон­суз айткан. К-дун масел сөздөрү ар кыл багыт­та, тематикада болуп, өз алдынчалыкка, жеке өзгөчөлүккө ээ. Акындардын айрымдары анын идеяларын улантышса, бир даары анын «Акыр заманынын» нугунда чыгармаларды түзгөн. К-дун маселдери бир бүтүн чыгарма эмес, ар бир ыр түрмөгү кыска-кыска жыйынтыктуу, кору­тунду түрүндө кыска айтылып, ар башка маз­мундагы, багыттагы бир канча ойду өзүнө кам­тыйт. Аларда турмуштун ар кандай жактары­на ой чаптырылып, коом м-н адамдардын жа­шоосундагы социалдык мааниси терең маселе­лер козголот. Ал жамандык-жакшылык, март­тык-сараңдык, өмүр-өлүм, айкөлдүк-пастык, жүрүм-турум адеби, үй-бүлөлүк ж-а тууганчы­лык мамиле, турмуш мыйзамы, сулуулук ж-а көркөмдүк, кооздук ж. б. темада, ар башка ба­гытта терең ойлорду айткан. К-дун чыг-лыгын мүнөздөй турган, өзүнө гана таандык турмуш­тук, коомдук-социалдык көз караштары, филос. ой толгоолору, жыйынтык-корутундулары бар. Анын чыгармалары мазмуну, багыты гана эмес, түрү ж-а түзүлүшү жагынан да төкмөлүк поэзия­дан айырмаланат. Муун өлчөмүндө, саптык түзүмүндө да ырчылар поэзиясындагы салттуу 7–8 муун өлчөмү ар дайым сактала бербейт; 4– 5 муундук түзүлүш басымдуу. К-дун чыгармала­рын мазмундук өзгөчөлүктөрүнө, идеялык ма­ңызына карап шарттуу түрдө эки топко бөлүүгө болот: 1) нукура элдик, салттуу поэзиянын ну­гунда түзүлгөн санат, терме ырлары. Акындын ырларында адамдын бийик ж-а асыл сапатта­ры даңазаланып, адамгерчиликке, боорукерлик­ке, кайраттуулукка, дос-тууганга кайрымдуу, жолдошчулукка туруктуу болууга үндөйт. К. салттуу поэзиянын нугунда түзүлгөн санат ыр­ларында элдик көз караштын айрым жакта­рын өз байкоолору, ой тизмеги м-н толуктап, кеңейткен, калк тарабынан калыпка түшкөн ойлор м-н катар акындын өз жекечелигин көр­сөткөн жагдайлар арбын; 2) Калыгулдун масел сөздөрү. К. нускоочу акын болгондуктан, анын ойлору турмуш-тиричилик жагдайдын тегере­гинде гана болбостон, коом, замана, анын ке­лечеги, өлкөнү башкаруу иштери, рухий дүйнөгө кире турган өзгөрүүлөр сыяктуу социалдык курч маселелерге багытталган. Анын «Акыр зама­нында» («Масел сөздөрүндө») кыргыз коомунун келечек тагдыры тууралуу ой жүгүртүлөт. «Акыр заман» – маселдердин, накыл сөздөрдүн жыйындысын түзүп, бир мазмунга, бир бүтүн композициялык түзүлүшкө ээ эмес, уйкашты­гына караганда накыл сөзгө көбүрөөк жакын. Олуя акын кыргыз коомчулугунун келечек таг­дыры, адеп-ахлагы, социалдык өзгөрүүлөр ж-дө алдын ала ой жүгүртүү деңгээлине көтө­рүлгөн. К. өз учурундагы көчмөн кыргыз коо­мунда үстөмдүк кылган патриархалдык нарк­насил, адат-салттын ыдыроо алдында турган­дыгын билген, келечекте анын социалдык ма­ңызында, адамдардын кулк-мүнөзүндө, жүрүм­турумунда өзгөрүүлөр болорун туура баамдаган. К-дун чыгармаларына Совет мезгилинде тыюу салынгандыктан, анын чыгармалары толук жазылып калбаган, изилдөөлөр да жок. Анын чыгармалары кылдат текстол. талдоого муктаж, ага тиешелүү маалыматтар, чыгармалар тактоо­ну ж-а изилдөөнү талап кылат. Белгилүү маа­лыматтарга караганда, К-дун чыгармаларынын айрым үлгүлөрү 1922-ж. Нарын уездинде К. Миф-


таков тарабынан белгилүү манасчы С. Орозба­ковдун айтуусунда биринчи жолу кагаз бетине түшүрүлгөн. Айрым маселдери И. Арабаевдин 1925-ж. жарыкка чыккан «Сабатсыздыкты жоюу алиппеси» аттуу окуу китебинде «Калы­гул бийдин сөзү» деген тема м-н берилген. Олуя­нын белгилүү чыгармалары ж-а ал ж-дө эске­рүүлөр, ил. пикирлер топтолуп, «Акылман Ка­лыгул» деген аталыштагы жыйнак 2000-ж. жарык көргөн. К-дун чыг-лыгы кыргыз ад-тын­да, а. и. ырчылар поэзиясынын тарыхында зор из калтырган. 1999-ж. 30-октябрда туулуп-өскөн айылында күмбөзү орнотулган.


Ад.: Калыгул Бай уулу. Б., 1992; Калыгул. Казы­бек. Казалдар. Б., 1992.

Б. Кебекова, Ж. Медералиева.