КАН АГУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН АГУУ – кан тамыр капталы жабыркаган­да же айрым оорулардан бузулганда кандын кетиши. К. а. тамырдын түрүнө жараша арте­риялык, веналык, капиллярдык ж-а аралаш болуп бөлүнөт. К. а. жараат алган кан тамыр­дын капталына ж-а жоондугуна жараша болот. Ири, айрыкча артерия кан тамырдан К. а. бир

нече минутада эле өлүм коркунучун туудуруучу кансыроого алып келет. Кандын уюшу бузул­ганда оорулууда кичине эле жарааттан кандын агышы узакка созулат ж-а өмүргө коркунуч келтирет. Кан жараат аркылуу сыртка же кан­дайдыр бир органга (карын, ичеги, мээ ж. б.), көңдөйгө (плевра, көөдөн ж.б.), о. эле ткандар арасына агып чогулушу (гематома) ыктымал. Артериялык К. а-да кан ачык кызыл болуп, сыртка атырылып агат, венадан аккан кан үзгүлтүксүз бир калыпта кетип, кочкул түстө болот. Ички органдар (боор, көк боор, өпкө ж.б.) жарадар болгондо кан ички көңдөйлөргө кую­лат. Анда кансыроо коркунучу туулуп, өң ку­барып, ал кетип, суусайт, тамыр тез-тез кагат, кан басымы төмөндөйт, уйку келет, көз караң­гылайт. Канды көп жоготуу эстен танууга алып келет ж-а өмүргө коркунучтуу. Көкүрөк көңдөйүнө кан куюлганда, жогорудагы белги­лер м-н бирге дем алуу кыйындап энтигет. Кан баш көңдөйүнө акканда мээнин кысылышынан акыл-эс, дем алуу бузулуп, шал болуу, нервдик өзгөрүүлөр байкалат. Кан тамыры атероскле­роз болгон ж-а гемофилия м-н ооруган адамда К. а. көпкө созулуп, аны токтотуу кыйын. К. а-ну токтотуу чаралары анын пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Анда физ., биол. ыкмалар ж-а дары-дармек колдонулуп, К. а. убактылуу же биротоло токтотулат. Убактылуу токтотуу жапа чеккен кишини кансыроодон сак­тайт ж-а биротоло токтотууга чейин көрүлөт. Ага буугуч м-н байлоо, кан тамырды ичкертүүчү дарыларды берүү, муз басуу ж. б. кирет. Биро­толо токтотууда хирург. жол м-н кан тамыр байланып, жарадар болгон орган тигилет же алып ташталат. О. эле канга аралжы суюк­туктар, канды уютма дарылар куюлат.