КАМПАНЕЛЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМПАНЕ́ЛЛА Томмазо (5. 9. 1568, Италия, Стило – 21. 5. 1639, Париж) – итал. философ ж-а акын, саясий ишмер, коммунисттик уто­пияны түзүүчү; доминикандык кечил. «Туюм­дар менен далилденген философиясында» Б. Те­лезионун натурфилос. көз карашын жактаган; бир нече ирет теоретик катары айыпталган. 1598–99-ж. Калабрияда испаниялык үстөмдүккө каршы активдүү катышкандыгы үчүн камалып, 27 жылдай түрмөдө отурган ж-а философия, са­ясат, астрономия, медицина б-ча ондогон чы­гармаларды жазган. «Күн шаары» аттуу эмгеги деңиз саякатчысынын аңгемеси түрүндө жазы­лып, анда окумуштуу-жрецтер кастасы башкар­ган, жеке менчик, үй-бүлө жоюлуп, балдарды мамлекет тарабынан тарбиялап, илим ж-а агар­туу өнүккөн идеалдык коомду сүрөттөгөн. Ал – лирикалык ырлардын, канцондордун, мадригал­дардын, сонеттердин да автору.