КАМИКАДЗЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМИКА́ДЗЕ (япончо Кудай шамалы) – япо­ниялык учкуч-жанкечтилер. К. экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) душман кемелерине каршы колдонулган.

Эң биринчи К. 1944-ж. 16-ноябр­да учуп чыккан. Колдонулган бардык мезгилде К. айдаган 5 миңден ашык самолёт учурулуп, алар 45 аскер кемесин чөктүрүп, 300үн катардан чыгарышкан. Бул максатта адегенде эски само­лёттор (жарылгыч заты 1600 кгга чейин) кол­донулса, 1944-ж. ноябрдан атайын «Накадзи-

ма» КИ-115 самолёту, «Ока» («Чие гүлү») сна­ряд самолёту (2 T га чейин) чыгарылган. Само­лёт чектелген радиуста учкан. Согуш учурунда 2500дөн ашык учкуч-жанкечтилер каза болгон.


Ад.: Лейко О. Ю. Камикадзе. М., 1989.