КАМЕРТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЕРТО́Н (нем. kammer – бөлмө, тон – до­буш) – дирилдек учтары добуш чыгара турган ийме жаактуу металл. К. муз. аспаптарды күүгө


келтирүүдө ж-а ырдоодо үн бийикти­гинин эталону катары кызмат кылат. К. көбүнчө 1-октаванын «ля» нота­сында колдонулат. Ырчылар м-н хор дирижёрлору 2-октаванын «до» нота­сында да пайдаланышат. 1858-ж. Па­риж ИА 435 Гц жыштык К-ду сунуш кылган. 1885-ж. Венада өткөн Эл ара­лык конф-яда бул жыштык добуш­тун эл аралык эталону катары кабыл алынган. Кырг-нда 1936-жылдын 1- январынан К-дун 440 Гц жыштыкта­гы үлгүсү колдонулат.