КАМЕНСК-УРАЛЬСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́МЕНСК-УРА́ЛЬСКИЙ – Россиядагы шаар.
Свердлов обл-нда. Ортоңку Уралдын түш.-чы­гыш капталында, Каменка д. Исеть д-на куя бериште жайгашкан. Калкы 181,6 миң (2007). Т. ж. бекети. Екатеринбург ш. м-н автомобиль жолу аркылуу байланышат. 1682-ж. пайда бол­гон. 1935-жылдан шаар. 1940-жылдан азыркы­дай аталат. Шаар – облустун ири ө. ж. борбору.
Алюминий түтүктөрүн жасоочу, электр-мех. ж. б. з-ддор, түстүү металлургия өндүрүшү үчүн жаб­дуу, жеңил, курулуш материалдар ө. ж. ишка­налары иштейт. Ыйык Троица собору (1790– 1808), Преображение ж. б. чиркөөлөрү сактал­ган. 2001-ж. Александр-Невский саат мунарасы курулган. Ондон ашык ЖОЖ (а. и. филиалдар, өкүлчүлүктөр), китепканалар, музейлер (а. и. край таануу, геол. ж. б.), театрлар, Красногорск ЖЭБ бар.