КАМДАР
КАМДАР (нем. kamm – кыр, жон, жал) – тегерек же узатасынан созулган аралча дөбөлөр же алардын тобу. Эриген мөңгү суулары топтоп иргеген тектерден турат. Бийикт. 2–5 мден 30 мге чейин. Көбүнчө плейстоценде материктик муз каптаган аймактарда (Карелия, Балтика бою, Ленинград обл-нда ж. б.) кездешет.