КАМБИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́МБИЙ – өсүмдүк сабагы м-н тамырын түзүүчү ткандын (меристеманын) бир түрү. Ал сабактын ж-а тамырдын кабыгы м-н жыгачынын аралы­гында же өткөргүч боочолордун флоэмасы м-н ксилемасынын ортосунда жайгашкан. К. клет­каларынын бөлүнүп көбөйүшүнөн орган жоо­ноёт (туурасынан өсөт). Ал ич жакка 2-ксиле­манын, сырт жакка 2-флоэманын клеткаларын пайда кылып турат. Мелүүн алкакта К. кеч күз­дөн жазга чейин тыным абалында болот.