КАМБАЛА СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́МБАЛА СЫМАЛДАР (Pleuronectiformes) – сөөктүү балыктар түркүмү, чоңунун денеси жал­пак, капталынан кысылган, уз. 6 смден 4,7 мге чейин, салмагы бир нече гдан 330 кгга чейин жетет, бакалоор жаргакчаларынын 6–7 жыл­чыкчалары бар. Сүзгүч тарсылдагы жок. Сүзгүч­төрүндө, адатта, тикендери болбойт. Эки көзү тең денесинин бир жагында. Баш сөөгү, жуп сүзгүчү, оозу, нервдери, ички органдары ассим­метриялуу. 7 тукуму, 115 уруусу, 500 түрү Арк­тикадан Субантарктидага чейинки бардык океанда таралган. КМШ өлкөлөрүндө – Ы. Чы­гышта 25 түрү, Ак ж-а Баренц деңиздеринде 9, Кара деңизде 6, Балтика деңизинде 4, Арктика­да 1 түрү кездешет. Көбүнчө тайыз сууда жа­шайт, кээ бири дарыяга кирет. Суу түбүндө жа­шоочу балыктар, денесинин пигментсиз жагы

Камбалалар: 1 – кадим­ки палтус; 2 – деңиз камбаласы; 3 – сары канат камбала; 4 – жыл­дыз сымал камбала; 5 – үрпүлүү самарис; 6 – азов камбаласы.

суунун түбүн карайт. К. деңиз түбүндөгү омурт­касыздар, айрымдары балыктар м-н азыктанат.
Ири түрлөрү – жырткычтар.