КАМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАН , д о ң у з (Sus) – чочколор тукумунун уруусу.

Анын 3 түрү (каман, сакалчан чочко, кидик чочко) белгилүү. К-дын (жапайы чочко) уз. 2 мге, салмагы 300 кгга жетет. Астыңкы ж-а үстүңкү кылкайма тиштери чоң (айрыкча эркегиники), ууртунан чыгып, жогору кайры­лып турат. Денеси кылчык жүндүү, кышкысын кылчык жүнүнүн түбү жумшак жүн м-н капта­лат. Чоң К. күрөң түстө, торопою агыш, узата ак темгилдүү. Түн. Африка, Европа, Азия, Бал­тика бою, Беларуссия, Украина, Борб. Азия ж. б. жерлерде, көбүнчө токойлордо кездешет. Кырг-нда Сары-Челек, Арстанбапта көп жолу­гат. Өсүмдүк тамыры, жапайы алма, доңуз жаң-

гак, чөп ж. б. м-н азыктанат. Негизинен топ­тошуп, эркеги куут мезгилине чейин жалгыз жашайт. Кууту ноябрь – январда жүрөт, март­май айында ургаачысы 4–6 торопой тууйт.
Эти тамак-ашка, териси булгаары жасоо үчүн колдонулат. К-дан үй чочкосу келип чыккан. Кидик чочко ТКЭСтин Кызыл китебине кат­талган.