КАЛЫҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫҢ – турмушка чыгуучу кыздын ата-эне­сине келин алуучу тараптан берилген тартуу. К. никелешүүнүн негизги шарты болуп, негизи­нен малдан турган. Бай үй-бүлөлөр көпчүлүк убакта К. катары жамбы төлөшкөн. Мал м-н төлөгөндө тогуздап эсептелген. К. төлөөдө коом­догу мүлктүк мамилелер даана байкалган. Се­беби, К-ды толук бойдон өз убагында оокаттуу, малдуу, урук-туугандуу үй-бүлөлөр гана төлөй алышкан. Кедей үй-бүлөлөр К-ды көп жылга чейин төлөй алышпагандыктан, баласы кеч турмуш курган. Шарт б-ча кудалашууда бычыл­ган К. толугу м-н же бөлүк-бөлүк болуп төлөн­гөн. К. төлөнүп бүткөндөн кийин гана үйлөнүү тоюна кам көрүлгөн. К. төлөө кыргыздын салт­туу турмушунда үй-бүлөнүн эмес, уруктун жал­пы иши болгон. Аны урукташтар чогуу көтөр­гөн. К. кыздын атасына гана эмес, уругуна тө­лөнгөн. Кийинчерээк, мындай көрүнүш өзгөрүү­лөргө дуушар болуп, үй-бүлөнүн өз иши болуп калган.