КАЛПАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛПАК , а к к а л п а к – эркектердин улут­тук баш кийими.

Ал алгач агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн уюту­луп, бышык басылган кийизден төбөсү бийик (шоңшогой), этеги тегерек бычылып, оймо-чий­ме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок (чачык тагылбай, ичтелбей (астарланбай), бир гана тигиш м-н бириктирилип жасалган. Тигиш жагы К-тын маңдайы болгон. 18-к-дын 2-жарымына чейин К-тын төбөсү жапызыраак, эки талаа болуп

бычылган. Талаалардын кошулган жери тыбыт­тан ийрилген жип же өрүлгөн кыл м-н милте­ленип, чети кыл, шоона м-н кооздолуп сай­маланган, төбөсүнө чок (чачык) тагылган. Эте­гин кайрып коюу үчүн К-тын эки жеринен ти­лик калтырылган. 19-к-дын 2-жарымынан К. мурдагыдан да жапыз, төрт талаа болуп бы­чылып, жээги 7–12 смдей кездеме (баркыт) м-н көбөөлөнүп, төбөсүнө чок тагылып, жээктери­не ж-а талааларына сайма түшүрүлүп, ичтелген (астарланган). К-тын төрт талаасы адам жашоо­сунун төрт башталмасын – от, суу, аба, жерди туюнтат. Төбөсүнө тагылган чок асмандан түш­көн нурдун адам акылына ыйгарылгандыгынын, түсүнүн актыгы аруулуктун символу, төбөсү Ала-Тоонун элеси деп эсептелет. Маңдайындагы «Манас» оюу – кыргыздын акылга баш ийген­диги. Бийиктигине ж-а тигилишине жараша К-тын тилик К., туюк (кыюуланган) К., айры (кыюуланбаган) К., ай К., шырыма К., уютма К., бакай К. ж. б. түрлөрү бар. К. кыргагынын түсү (балдар жашыл, бойдок жигиттер кызыл, орто жаштагылар ак, карылар кара) м-н айыр­маланат. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчү­лөрүнүн бирикмесинде К-тын өркүндөтүлгөн за­манбап түрлөрү чыгарылат. К. көбүнчө ак ки­йизден жасалгандыктан, ак калпак деп да атал­ган.

Ы. Кадыров.