КАЛМАК ТИЛИ
КАЛМАК ТИЛИ – калмактардын тили. Моңгол тилдеринин тобуна кирет. Ал торгут, дербет ж-а бузав айтымдарына бөлүнөт. К. т. Астрахань, Ростов, Волгоград облустарына, Ставрополь крайына тараган. К. т-не кыска ж-а созулма үндүүлөр мүнөздүү, 8 жөндөмөсү бар. Калмактар 17-к-дын ортосуна чейин моңголдордун тик (вертикаль) жазуусун пайдаланышкан, 1648-ж. ал зая-пандит жазуусу м-н алмашкан. 1924-ж. орус алфавити киргизилген. 1931–38-ж. латын алфавити колдонулган. 1938-жылдан кайра орус алфавитине өткөн. 1992-жылдан К. т. орус тили м-н катар мамл. тил болуп саналат.