КАЛМАК-КЫРЧЫН
КАЛМАК-КЫРЧЫН – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Курманбек атн. айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1550 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 67 км түн.-чыгыш тарапта. Багыш т. ж. бекетинен 40 км. Калкы 1340 (2007); негизинен аарычылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, Курманбек баатырдын күмбөзү бар.