КАЛМАК-АШУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-АШУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Соң-Көл – Калмак-Ашуу жолунун боюндагы эрте темир доо­руна таандык аска ташка чегилген байыр­кы сүрөттөр. Тоо текелер ж-а аларга жаа м-н мергенчилик кылуу, коло дооруна таандык кол­дорун көтөрүп турган адамдардын, о. эле мер­генчилик гана эмес, адам м-н кийиктердин ор­тосундагы жакын мамиле чагылдырылган сүрөттөр да тартылган. Кыргыз тарыхчылар жа­мааты, Түрк тарых куруму тарабынан 1996-ж. табылган.

К. Табалдиев.