КАЛЛАС Мария
КА́ЛЛАС (Callas; чыныгы аты-жөнү Калогеропулу) Мария (2. 12. 1923, Нью-Йорк – 16. 9. 1977, Париж) – грек ырчысы (лирика-драмалык сопрано). 20-к-дагы мыкты ырчылардын бири. 1937-ж. Афины консерваториясында окуган. 1942–44-ж. Афины опера театрларында ырдап чыккан. К. алгач Жоконданын партиясын («Жоконда», А. Понкьелли) аткарып таанылган (1947, Арена-ди-Верона). 1951-жылдан «Ла Скала» (Милан) театрынын солисти. 1952-ж. «Ковент-Гарден» (Лондон) театры, 1954-ж. Чикаго операсында, 1956-ж. «Метрополитен-опера» (Нью-Йорк) ж. б. дүйнөнүн ири театрларында ырдаган. Адегенде белькантонун стилиндеги партияларды ж-а Вагнердин каармандарынын

(Изольда, «Тристан жана Изольда»; Брунгильда, «Валькирия»; Кундри, «Парсифаль») партияларын бирдей ийгилик м-н аткарган. Кийинчерээк итал. романтикалык репертуарга көңүл бурган. Көрүнүктүү партиялары: Медея («Медея», Л. Керубини), Турандот (Ж. Пуччини), Анна Болейн («Анна Болейн», Г. Доницетти), Леди Макбет («Макбет», Ж. Верди), Ифигения («Ифигения Тавридде», К. Глюк) ж. б. Киного да тартылган («Медея», П. П. Пазолини, 1969). Москвадагы П. И. Чайковский атн. 4-Эл аралык конкурстун калыстар тобунун мүчөсү болгон (1970). 1982-жылдан Афиныда вокалисттердин М. Каллас атн. эл аралык конкурсу өтүп турат.
Ад.: Тимохин В., М. Каллас // Выдающиеся итальянские певцы. М., 1962; Дюфрен К. М. Каллас. М., 2007. Н. Жылдызова.