КАЛКАН согуш куралы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКАН – жоокерчиликте найза м-н сайыш­канда, кылыч м-н чабышканда, коргонууга ке­ректелүүчү согуш куралы.

К. алгач ар түркүн (тегерек, сүй­рү, чарчы) түрдө жыгачтан же согулган чырпыктан, те­риден, сөөктөн, кийинчерэ­эк ар түрдүү металлдан жа­салып, жоокердин көкүрөгү м-н баш жагын гана корго­гудай көлөмдө урунууга эп­түү, тегерек болгон. К-дын ички бетинде колго кармап

алуучу атайы тагылган боо – бүлдүргөсү бар. Сырт жагы түрдүү түстө тартылган оймо-чийме м-н кооздолуп, сүрөт түшүрүлгөн. Жоокер сол ко­луна К. кармап, оң колуна кылыч же найза өңдүү куралдарын алып, жоо м-н беттешкенде, сол ко­лундагы К. м-н тосуп же аны м-н кагып жибе­рип, душманынан коргонгон. Атма куралдардын чыгышы м-н К. сейрек колдонула баштаган.