КАЛК
КАЛК , к а л а й ы к – Жер жүзүндө же анын айрым бөлүгүндө (бир же бир нече өлкөдө, райондо, шаарда) жашаган бардык адамдар. Улам толукталып, жаңырып турат. Өндүрүштүн ж-а бүткүл коомдук мамиленин негизин түзөт. К-ты демография илими изилдейт. Биол., геогр., социалдык-экон. себептен К-та түрдүү процесс болуп турат. Социалдык-экон. факторлор К-тын өнүгүшүнө чечүүчү таасир тийгизет. К. проблемалары адамдын биол. тегине, айлана-чөйрө м-н өз ара байланышына (к. Жер, Географиялык чөйрө, Биосфера), коомдук формациялардын өнүгүшүнө жараша болот, анткени К-тын эмгекке жарамдуу бөлүгү коомдун негизги өндүргүч күчү болуп саналат. К-ты мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөргө өсүп-өнүгүү (төрөлүү, никелешүү, өлүм-житим, табигый өсүү); жайгашуу, урбанизация, миграция; жыныс ж-а курагы б-ча курамы, үй-бүлөлүк абалы, билим деңгээли, расасы, тили, этностук, диний курамы (к. Раса, Этнография) кирет. Палеолит доорунун аягында (болжол м-н б. з. ч. 15-миң жылдык) К-тын саны 3 млн, неолиттин аягында (б. з. ч. 2-миң жылдык) – 50 млн, б. з. башында Жерде 230 млнго жеткен, б. з. 1-миң жылдыгынын аягында – 275 млн, 1900-ж. – 1,6 млрд адам болгон; учурда дүйнө калкынын саны 7 млрддан ашты (2011). К-тын саны б-ча ири өлкөлөр (2010): Кытай 1 338 млн, Индия 1 156 млн, АКШ 307 млн, Индонезия 240 млн, Бразилия 198 млн, Пакистан 174 млн, Бангладеш 156 млн, Нигерия 149 млн, Россия 143,5 млн адам. Кырг-ндын калкы 2011-ж. 5,5 млн адамга жеткен. Дүйнө калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 40 киши, бирок бардык жерде бирдей эмес (1 км2 жерге Австралия м-н Океанияда 4, Батыш Европада 100 киши туура келет). Кургактыктын 7%инде дүйнө калкынын 70%и жайгашып, 30%инде киши жашабайт.