КАЛИНИНА Наталья Михайловна
КАЛИ́НИНА Наталья Михайловна (8. 12. 1948- ж. т., Украина, Донецк) – техника илимд. доктору (1999), проф. (1999), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1998). Донецк мед. окуу жайын (1967), Москва тоо интун (1975) бүтүргөн. Ошол эле жылдан Карелияда тоо жардыруу иштери б-ча жетекчи болуп иштеген. 1979-жылдан Фрунзедеги «Союзвзрывпром» трестинин курулуш лабор-сында бургулап жардыруу иштери б-ча инженер, ФПИнин лабор-сында ага ил. кызматкер (1986–90), Кыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физикасы ж-а механикасы ин-тунда (1990–94) иштеген. 1994-жылдан КРСУда проф., жарылуу физикасы ж-а синергетикасы лабор-сынын башчысы. Детонация ж-а синергетика теориясы б-ча адис. 80ден ашык ил. иштердин, а. и. 4 монографиянын, 10 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Низкоплотные и сверхнизкоплотные взрывчатые смеси. Механизм детонации (в соавторстве). Б., 1998; Оправдание синергетики. Синтез науки, философии и религии. Б., 2003.