КАЛИГУЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИ́ГУЛА Гай Юлий Цезарь (лат. caligula – өтүкчү; мындай атты кичинекей чагында аскер­дин өтүгүнө окшогон өтүктөрдү кийген үчүн алып калган) (12, Анциум – 41, Рим) – Рим импера­тору (37-жылдан); Юлий – Клавдийлердин ди­настиясынан, Германиканын уулу, Тиберийдин ордун басуучу. Ал чексиз бийлик жүргүзүүгө ара­кеттенген. К. мамл. каражаттарды (преториан­дар үчүн сыйлыктарды, триумфтарды, оюн-та­машаларды уюштуруу ж. б.) короткону үчүн бай­лардын (өзгөчө сенаторлордун) байлыктарын конфискациялап ж-а салыктарды көбөйткөн. К-нын мүнөзүнүн катаалдыгы преториандардын ж-а сенаторлордун нааразычылыгын туудуруп, өзүнүн хан сарайында Кассий Херей тарабынан өлтүрүлгөн.