ЖЕТИ-ӨГҮЗ (Жети-Өгүз районундагы суу)
ЖЕТИ-ӨГҮЗ – Жети-Өгүз районундагы суу, Этимологиясы боюнча жети суу (өзөн) дегенди билдирет. М. Кашгаринин сөздүгүндө «укуз» («окуз») – жайылып аккан суу. Мисалы, байыркы түрктөр азыркы Сыр-Дарыяны «Йенчу-окуз» деп аташкан. Ат-Жайлоо, Асан-Токум ж.б. сыяктуу жети ири куймасы бар. Тилчи-окумуштуу Д. Исаев топонимдин экинчи компоненти «эгиз», башкача айтканда байыркы уйгур тилиндеги (idiz – идиз) сөзүнүн бузулуп айтылган формасы болушу мүмкүн деп эсептейт. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан (батышында Чоң Кызыл-Суу жана чыгышында Ырдык менен Каракол сууларынын аралыгында) башталып, карагайлуу кууш капчыгай, Жети-Өгүз кыштагы тушта кенен өрөөн менен агып, Ысык-Көлгө куят (дээрлик кар-мөңгү сууларынан куралат). Узундугу 52 км, алабынын аянты 387 км2. Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 5,60 м3/сек, эң көбү 57,2 м3/сек, эң азы 0,55 м3/сек. Жалпы узундугу 110 кмге жеткен 36 куймасы жана алабында жалпы аянты 126 км2 келген 18 майда көл бар. Сугатка пайдаланылат. Алабындагы радондуу суу булактары элге кеңири белгилүү (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу). Боюнда Жети-Өгүз кыштагы жана курорт жайгашкан.
Ад.: Исаев Д. Жер-суу аттарынын сыры. Ф., 1977.