ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК

Файл:ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК.png

дуу шурулар (кораллдар) ж-а гидрокораллдар мүнөздүү. Жээгинин көп бөлүгүн мангр бадал­дары ээлейт. Мелүүн алкактын материктик та­йыздыктарында кызыл ж-а күрөң балырлар (ла­минарий, фукус, макроцистис) бар, омурткасыз­дарга бай. Океандын ачык мейкиндиктеринде, өзгөчө суунун 100 м тереңдикке чейинки катма­рында бир клеткалуу планктон, ал эми Араб деңизине көгүш жашыл балырлар мүнөздүү. Инди океанынын жандыктарынын көбүн ракча-копепод (100дөн ашык түрү), канат буттуу моллюска, ме­дуза, сифонофор ж. б. түзөт. Бир клеткалуулар­дан – танаптуулар, балыктардын көп түрү – учуучу балык чоң ж-а майда тунец, желбирек канаттуу балык, акула ж. б. бар. Кальмарлар көп. Ири деңиз сүт эмүүчүлөрүнөн – дюгон, тиштүү ж-а тишсиз киттер, калак буттар кезде­шет. Канаттуулардан альбатрос, фрегат, пинг­виндер мүнөздүү. Жээк боюнда гана балык кар­малат (дүйнөдө кармалган балыктын 5%и). Не­гизги өнөр жай тукуму – тунец. Антарктика суула­рында балыктын антарктикалык түрүнүн өнөр жай тукуму бар. Нефть (Перс булуңунда), бермет, седеп (Шри-Ланка, Бахрейн аралында ж-а Австра­лиянын түндүк-батыш жээгинде) алынат.
Инди океанына дүйнөлүк жүк ташуунун 10%и туура келет. Ал аркылуу Европа, Азия, Австралия, Африка, ошондой эле Американын портторун байла­ныштыруучу маанилүү деңиз жолдору өтөт. Ири порттору (жүк ташуу боюнча): Аден (Йемен), Мум­баи, Калькутта (Индия), Карачи (Пакистан), Читтагонг (Бангладеш), Коломбо (Шри-Ланка), Янгон (Мьянма), Рангун (Бирма), Рас-Таннура (Сауд Арабиясы), Харк, Бендер-Аббас (Иран), Фао (Ирак), Эль-Кувейт (Кувейт), Дар-эс-Салам (Танзания), Могадишо (Сомали) Фримантл, Аделаида, (Австралия), Дурбан (ТАР).
Инди океанында башка океандардай эле экологиялык көй­гөйлөр бар; алардын эң башкысы – деңиз эко­системасына адам таасиринин күчөшү. Океан суусун булгаган негизги булактар: нефть (дүй­нөдөгү нефтинин запасынын 2/3 си Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта топтолгон. Перс булу­ңунан өндүрүлгөн нефть Инди океаны аркылуу Батыш Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүнө ж-а Япония­га ташылат. Ири танкерлердин кырсыкка учу­рашынан ж. б. түрдүү себептерден агып чыккан нефть океан суусун булгап, Инди океанынын түндүк, түндүк-чыгыш ж-а батыш акваторияларынын бетинде көбүнчө жука кабыкчаны пайда кылат); оор ме­таллдар (сымап, коргошун, кадмий ж. б. океан суусуна атмосфералык ж-а агын суулар аркылуу кошул­гандыктан, бардык жеринде кездешет); уулуу химикаттар (айыл чарбасында кеңири пайдаланылган ми­нералдык жер семирткичтердин, уулуу хими­каттардын ж-а аларды өндүргөн өнөр жай ишкана­ларынан чыккан таштандылардын океанга ко­шулушу), контейнерге салынып океан түбүндө сакталган түрдүү уулуу заттар ж-а радиоактивдүү калдыктар ж. б. Мындай булгануу бара-бара жалпы эле Жердин географиялык кабыгына алаамат залал тийгизиши мүмкүн. Кийинки мезгилде Инди океанынын алабындагы өлкөлөр океанды коргоо максатында бирдиктүү аракеттерди жасоодо.
Инди океанында уюшулган деңиз резерваттары (парк­тары) деңиз экосистемасын коргоо – табиятты ж-а табигый ресурстарды калыбына келтирүү м-н гана чектелбестен, ошондой эле жергиликтүү элдин ж-а туристтердин табиятты коргоо боюнча билим алуу­сунда да мааниси зор. Деңиз резерваттары Ку­вейт, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет, Эфиопия, Кения, Мьянма, Индия, Шри-Ланка ж. б. өлкөлөрдө уюшулган. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү: Эфиопиядагы «Дахлак аралдары» улуттук деңиз паркы (Кызыл деңиздин фаунага бай ири аймактарынын бири; 1968-жылы уюшул­ган); Кениядагы Малинди ж-а Вашаму резер­ваттары (техникалык жактан жакшы жабдылган, кор­гоо иштери жогорку деңгээлде уюшулган; жалпы аянты 1755 га), Сейшель аралындагы резер­ваттар.


Ад.: Муромцев А. М. Основные черты гидрологии Индийского океана. Л., 1959; Индийский океан. Л., 1982; Богданов Д. В. Региональная физическая гео­графия Мирового океана. Л., 1985; Физическая геогра­фия материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Океаны. М., 1997; Залогин Б. С., Кузминская К. С. Мировой океан. М., 2001. Пущаровский Ю. М. Тектоника Земли. Избр. тр. М., 2005. Т. 2; Тектоника океанов.

Ө. Бараталиев.