ИОНИЯ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИО́НИЯ АРАЛДАРЫ (аты байыркы грек уруу­су – ионилерден) Иония деңизинде, Балкан ж. а-нын батыш жээгинде; Грекиянын аймагы. Аянты 2,3 миң км2. Негизги аралдары: Кефа­линия, Керкира (Корфу), Закинтос, Лефкас. Негизинен акиташ тектеринен түзүлгөндүктөн, карст процесси өнүккөн. Дөбөлөр ж-а жапыз тоо­лор (бийикт. 1628 мге чейин, Кефалиния а-нда), ыңгайлуу булуңчалар бар. Маквис, айрым жер­лерин эмен токою ээлейт. Өрөөндөрүндө жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы өстүрүлөт. Деңиз курорттору бар. Негизги шаарлары – Кер­кира, Аргостолион.