ИННОВАЦИЯЛЫК ИШМЕРДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИННОВАЦИЯЛЫК ИШМЕРДИК – колдонмо изилдөөлөрдү, эксперименттик иштеп чыгуулар­ды камтыган инновацияларды түзүү, аларды өндүрүшкө даярдоо ж-а ишке киргизүү процес­си, о. эле инновацияларды түзүүнү камсыз кы­луучу ишмердик – ил.-тех. кызмат көрсөтүүлөр, маркетингдик изилдөөлөр, кадрларды даярдоо ж-а кайрадан даярдоо, уюштуруучулук ж-а фи­нансылык ишмердүүлүк (к. Кыргыз Республика­сындагы өндүрүштүк-инновациялык ишмердик).