ИНДЕВРОПА ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:03, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДЕВРО́ПА ТИЛДЕРИ – Евразиянын ири лингвистикалык уяларынын бири. Буга инди, иран, сла­вян, балтика, герман, армян, албан, грек, келт, байыркы жана жаңы тилдердин кээ бири, латын тили, кийинчерээк андан өнүгүп чыккан роман, тозар, итальян жана Кичи Азиядагы байыркы тил­дер (шынаа жазмасы бар хетт, иероглифтүү хетт, лувий) кирет. Кичи Азиядагы тилдердин ичи­нен шынаа жазмасы болгон хетт же несит тили толук изилденип, жазма эстеликтери (б. з. ч. 2- миң жылдык) толук аныкталган. Айрым изил­дөөчүлөр индевропалык топко ликий жана лидий тилдерин да кошуп жүрөт, бирок алар жөнүндө ма­алымат аз. Индевропа тилдеринин көбү (мисалы: фракий, фри­гей тилдери) жоюлуп кеткен, жазма эстеликтер да калган эмес; иран тобуна кирген скиф тили, Байыркы Европада кеңири таралган иллирий тилдери жөнүндө да маалымат аз. Кеңири тараган Индевропа тилдери: славян, инди, иран, герман, роман тилде­ри. Келт тили сыяктуу айрым тилдер тарыхый шарттан улам анча тарай алган эмес.Индевропа тилдеринин тектештиги уңгу сөздөрдүн жалпылыгынан, грамматикалык түзүлүшүнөн байкалат. Байыркы Индевропа тилдерине мүнөздүү грамматикалык белгилердин бири – флек­сия, ал тилдерде уланды мүчөлөрдүн бай систе­масы болгон. Айрымдарында (мисалы: славян, бал­тика тилдери) байыртан калыптанган морфологиялык система толук сакталган, айрымдары (мисалы:жаңы инди, жаңы иран жана герман тилдери) сөз өзгөртмө эски флексиялык формаларынан ажы­рап, өзгөрүп кеткен. Индевропа тилдеринде олуттуу өзгөрүүлөр болсо да, алардын теги бир экенин айгинелеген жалпылыктар бар. Индевропа тилдерин илимий изилдөө 19-кылымдын башында башталган. Бул тилдердин тыбыш­тык, лексикалык жана грамматикалык түзүлүшүн са­лыштырып изилдөөнүн негизинде жалпы тил илиминде салыштырма-тарыхый метод иште­лип чыккан.