ИЙРИ-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 15 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙРИ-СУУ – Нарын районундагы кыштак. Чет-Нура айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 215 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 841 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, клуб, китепкана бар. Мончо, ФАП иштейт.