ЖУНУШАЛИЕВ Жеңиш
ЖУНУШАЛИЕВ Жеңиш (24. 12. 1935-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы – 4. 05. 2016, Бишкек шаары) – тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1999). КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2002). КРдин илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын 2 жолку лауреаты (1986, 2002).

КРдин маданиятка жана илимге эмгек сиңирген ишмери (1982, 2002). Каракол мугалимдер институтун (1954), КМУну (1960) бүтүргөн. 1960–86-жылдарда Ысык-Көл аймагындагы орто мектептерде мугалим, директор, партиялык кызматкер, 1986–92-жылдарда Кыргызстан КП БКга караштуу партия тарыхы институтунун директору, 1992– 1997-жылдарда КРдин элге билим берүү министрлигинин окуу-методикалык кабинетинин директору, КР УИАнын коомдук илимдер боюнча окумуштуу секретары, 1997-жылдан 2014-жылга чейин КР УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунун директору. Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө арналган 140тан ашуун илимий эмгектин автору.
Эмг.: Горная царица Курманжан датка. Б., 2002; Время созидания и трагедий в 20-30-е годы ХХ в. Б., 2003.