ИЗРАИЛЬ
ИЗРА́ИЛЬ , И з р а и л ь М а м л е к е т и – (Мединат Исраэль) – Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет м-н чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29- ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948– 49-жылдардагы араб-израиль согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын ба-

тыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) м-н 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын ж-а Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык ж-а маданий борбору – Тель-Авив шаары, БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-жылы Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи – еврейлер, 160 миңи – арабдар). Расмий тили – иврит (байыркы еврей) ж-а араб тилдери. Акча бирдиги – шекель. Административдик- аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер – Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү ж-а Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.
Округдары ж-а райондору (2006)
Округдары ж-а райондору (2006)
Израиль – БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл
дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Израиль – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Атайын конституциясы жок, өлкөдөгү иш-чаралар көз каранды эместик декларациясынын (1948) ж-а 11 негизги мыйзам актылары м-н жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Президенттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өкмөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006-жылы түзүлгөн коалициялык өкмөттүн курамына «Кадима», «Ликуд», «Авода» партияларынын өкүлдөрү кирет. Саясий партиялары: «Авода» (Израиль эмгек партиясы), «Ликуд», «Кадима», «Сефарддар – Тораны сактоочулар», («Шас»), «Биздин үй – Израил», «МАФДАЛ» («Улуттук диний партия»), «Гиль», Израиль социал-демократиялык солчул либералдык укук коргоо партиясы («Мерец») ж. б.
Табияты. Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы 40 кмге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең – Гхор (Эль-Гор) тектоникалык ойдуңуна тепкичтенип тик түшкөн (1000 м ж-а андан да терең), бир аз күдүрлүү платого (орточо бийиктиги 500–1000 м, өлкөнүн эң бийик жери

1208 м, Мерон чокусу ) өтөт. Платонун бети негизинен акиташ теги (мында карст процесси өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн.
Ойдуң аркылуу Иордан дарыясы агат; анда ачуу туздуу Жансыз деңиз (деңиз деңгээлинен 418 м төмөн) жайгашкан. Жансыз деңиздеги таш туз, бромдуу калий, натрий туздарынан сырткары фосфорит,


кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть м-н газдын чакан кендери бар.
Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түштүгүндө ж-а ойдуңдарында жарым чөлдүү ж-а чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24–28°С, Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6–15°С, Жансыз деңиздин түштүк-батышында 18°Сге чейин). Абанын абсолюттук максималдуу температурасы 47°С (1998-жылы Иордан өрөөнүндө катталган). Кышкы минимум температура түндүгүндөгү тоолордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100– 200 мм, айрым жерлеринде 100 ммден аз, платолордо 600–800 мм, Жер Ортолук деңиз жээгиндеги түздүктөрдө 400–800 мм жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. Израилдин аймагы агын сууларга жарды. Түндүк-чыгышында, Гхор ойдуңунда Иордан дарыясынын жогорку бөлүгү агат. Ойдуңда Жансыз деңизден сырткары тузсуз суунун өлкөдөгү эң ири булагы болгон Тивериади көлү (бети деңиз деңгээлинен 209–213 м төмөн) жайгашкан. Дарыяларынын көбү жайында соолуп калат же агымы кескин азаят. Түштүгүндө (Негев чөлүндө) вадилер (кургак сайлар) кездешет. Булак, кудук суулары пайдаланылат; Эйлат шаарында деңиз суусун тузсуздандыруучу станция иштейт. Пайдалануучу суунун 60%тен ашыгы сугатка кетет.
Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо ж-а жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экинчилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гаррига) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза карагайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт ба-

сымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү ж-а жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаатташтыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Коргоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң га. Хайфа шаарынын чет-жакасында ири улуттук парк – Хар-Кармель биосфера резерваты жайгашкан. Неот-Кедумим коругунда библия мезгилине мүнөздүү өсүмдүктөр калыбына келтирилген.
Калкынын 76%тен ашыгын еврейлер, 20%тен ашыгын арабдар түзөт. Башка этностук ж-а этноконфессиялык топтор – 3,7%, аларга – друздар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. кирет. 21-кылымдын башынан еврей калкынын кыскаруу (2000–05-ж. 1,8 %ке), ал эми арабдардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууда. Израиль мамлекет катары жарыялангандан 2007-жылга
чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 1948– 2005-жылдарда калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7%, мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-жылы Россия ж-а КМШ өлкөлөрүнөн келген еврейлер 1175,4 миңди (Израилдин калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен еврейлердин саны да арбын (1948–83-жылдарда Израилден 700 миңден ашуун еврей АКШга кеткен). Жыштыгы 1 км2 жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка чейинкилер – 21,1%, 14–65 жаштагылар – 64,15%,


65 жаштан өткөндөр – 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломерациясы м-н 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иерусалим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң).
Тарыхы. Палестинаны араб ж-а еврей мамлекеттерине бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыялангандан (1947-жыл 29-ноябрь) кийин Палестинада согуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жамааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-жылы 14-майда Израиль мамлекетинин көз каранды эместигинин декларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул чечимге каршы чыгып, Израилге каршы согуштук аракеттерди баштаган. 1948–49-жылдарда согуштун жүрүшүндө БУУнун чечими м-н Араб мамлекетине берилүүчү аймактын бөлүгүн ж-а Иерусалимдин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү ж-а Иерусалимге өзгөчө статус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-жылы Израиль Улуу Британия ж-а Франция м-н Египетке каршы агрессияга катышкан. Араб-израиль согушунун жыйынтыгында Израиль 1967-жылы июнь айында Иордан дарыясынын сол жээгин ж-а Чыгыш Иерусалимди, ошондой эле Голан дөңсөөсүн ж-а Синай жарым аралын басып алган. 1982-жылы июнда Израиль аскерлери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн ж-а штаб-квартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде араб израиль чыр-чатактарын тынчтык жолу м-н жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-жылы алгачкы жолу израиль-араб мамилелеринин тарыхында Египеттин президенти А. Садат Израилге келет. 1978-жылы АКШнын кийлигишүүсү м-н Израиль ж-а Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуусу түзүлүп, 1979-жылы алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-жылы И. Египетке Синай жарым аралын кайтарып берген.
1992-жылы башында И. Рабин турган Израиль «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши

м-н Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-жылы Вашингтондо Израилдик-палестиналык декларацияга, 1994-жылы Газа ж-а Иерохон боюнча макулдашууга кол коюлган. 1994-жылы Израиль м-н Иорданиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Сирия ж-а Ливан сүйлөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-жылы премьер-министр И. Рабиндин өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяхунун келиши м-н тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. Израиль палестиналыктар келишимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот. 1999-жылы Эмгек партиясынын лидери Э. Барактын бийликке келиши м-н тынчтык сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган. 2000-жылы Израиль Түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставкага кетерин жарыялайт. Израиль м-н Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот.
Израилдин премьер-министри А. Шарон м-н Я. Арафаттын ордуна бийликке келген М. Аббас согушту токтотуу ж-а аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. Израиль үчүн АКШ м-н бир катар макулдашуулар ж-а меморандумдар м-н бекемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. Израиль АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мындан тышкары, Израиль Европа өлкөлөрү, ошондой эле Түркия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман өлкөлөрүнөн – Египет, Иордания ж-а Мавритания м-н кызматташтыгы өнүгүүдө.
Экономикасы. Израиль өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПси 2006-жылы 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. Израиль дүйнөдө алдыңкы технологиясы, компьютердик программаларды түзүү, байланыш системасы, агрардык индустриясы, алмазга кыр чыгаруу боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошондой эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа ж-а кеме куруу кошо, анын ичинде аскердик), электр-техника, химия өнөр жай тармактары, айыл чарбасы өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн илимий-техникалык комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз ж-а инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). Израиль технологиялык даярдыгынын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын экономикалык индексинин мааниси боюнча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрөсүнө, 23%и өнөр жайына ж-а курулушка, 2%и айыл ж-а токой чарбаларына, балык уулоого таандык. Израилдин экономикасында коргоо өнөр жай комплексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баасынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт.
Өлкөнүн ИДПсинде өнөр жайынын үлүшү 18%ти түзөт. Азыркы өнөр жайынын негизин илим сыйымдуу машина куруу (авиа ракета, электрондук ж-а электр-техника, оптикалык аспаптар өндүрүшү ж. б.) ж-а химия (так химия, фармацевтика ж. б.) өнөр жай тармактары түзөт. Башка тармактарынын ичинен энергетика, тоо-кен, алмазга кыр чыгаруу, тамак-аш, жеңил өнөр жайы өзгөчөлөнөт. Израилдин отун-энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын импорт түзөт. 2005-жылы импорттолгон 13 млн т нефть ж-а нефть продуктуларынын 11 млн т сы чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктаждыгын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австралиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн м3). Димондогу атом илимий-изилдөө борборунда ядролук реакторго эксперимент жүргүзүлөт. Энергиянын альтернативалык булактарын, айрыкча күн энергиясын пайдаланууга аракет жасалууда (энергетиканын 2%ин түзмөкчү). Израилдеги турак жайлардын көбү күн бойлери м-н жарык кылынат. Негев чөлүндө Күн энергиясын өнөр жайлык пайдалануу үчүн атайын курулмалар иштейт. Бир нече эксперименттик толкун электр станциясы шамал энергиясы курулмасы бар. 2005-жылы 48,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия өнөр жай ишканалары Италия, Түркия, Россия, Украинадан алган сырьёнун негизинде иштейт. Болот, тазаланган (рафинацияланган) коргошун ж-а жез эритүү ишканалары бар. Металл конструкциялык өндүрүшү коргоо өнөр жай комплексине ж-а курулуш индустриясына багытталган. Жалпы ж-а транспорттук машина куруу өнөр жайы согуш куралдарын ж-а аскер техникаларын (танк, чабуул коюу үчүн курал, сооттолгон бульдозер, артиллерия ж-а атылма куралдар, анын ичинде «Узи» автоматы, «Галил» мылтыгы ж. б.), токардык станок, кран, бетон аралаштыргыч, экскаватор, газ турбинасын ж-а компрессорун, түрдүү тетиктерди ж. б. чыгарат; автобус ж-а жүк автомашиналарын жыйноочу, аскер жип автомашиналарын даярдоочу ишканалары бар. Авиаракета өнөр жайы – коргоо өнөр жай комплексинин маанилүү тармактарынын бири (учкучсуз учуучу аппарат, оперативдүү-тактикалык ж-а тактикалык ракеталар); кеме куруу, анын ичинде аскер кемелерин куруу (башкарылма ракета куралы бар корвет, ракеталуу ж-а патруль катерлерди ж. б. чыгаруу) өнүккөн. Электрондук ж-а электр-техника өнөр жайы илимди көп талап кылган ж-а адистештирилген тармак болуп саналат. Бул тармактын ишканалары аскер ишине пайдаланылуучу электрондук, электрондук коопсуздук ж-а сапатты көзөмөлдөө системаларын даярдоого адистешкен. Оптикалык приборлор (анын ичинде электрондук оптика, лазердик техника) өнүгүүдө. Израиль – була-оптикалык байланыш линиясын, басма платасынын сапатын көзөмөлдөөчү электр-оптика системасын, түнкү көрсөтүүчү приборлорду, роботтоштурулган өндүрүштүк линияларды чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Медициналык лазердик техника, радиол. диагностикалык жабдууларды, оптикалык электроника приборлорун
чыгаруу тез темп м-н өнүгүүдө. Сырткы рынокко компьютердик томогр. сканерлер, магнитрезонанстык графикалык система, ультраүн сканерлери, мед. ядролук камера ж. б. чыгарылат. Химия ж-а нефть ажыратуу ө. ж. – өлкөдөгү ири тармак. Анын негизги продукциясы: күйүүчү-майлоочу материалдар, поташ, бром, металл
түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия ө. ж-нын маанилүү борборлору: Хайфа, Беэр-Шева ж. б. Алмазга кыр чыгаруу өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт. 21-к-дын башында дүйнөлүк рынокко чыккан жылмаланган чакан таштардын, негизинен бриллианттын 80%ке жакыны И-ге таандык. Тамак-аш ө. ж-нын негизин мөмө-жемиш ж-а жашылча иштетүүчү, о. эле эт, сүт продукцияларын чыгаруучу ишканалар түзөт. Жеңил ө. ж-нын дүйнөлүк рынокко ийрилген жип, кездеме, булгаарынын ордуна жогорку сапаттагы модалуу тигилүү ж-а булгаары кийимдерди чыгарат; о. эле аскер кийимдерин тигет.
А. ч-нда 455 миң гадан ашык жери иштетилет, анын 50%и сугат жер. Негизинен жаңы технологияны ж-а агротехниканы ургаалдуу пайдалануудан агрардык продукциянын өлчөмү 8 эседен ашкан. И-де 20-к-дын 80-жылдарынын орто ченинде а. ч. өсүмдүктөрүн ж-а мөмө дарактарын тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. Кышында плёнка жаап жашылча өстүрүүнүн натыйжасында жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондуктан И-дин ар бир фермери 52 адамды бага алат. Эң маанилүү а.ч.
өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама,
буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма

пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, лимон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой ж-а эчки, о. эле үй куштары асыралат. Сүт саап алуу б-ча дүйнөдө (Нидерланд м-н кошо) алдыңкы орунда (жылына бир уйдан 11 миң кгга чейин сүт саап алынган). Жер Ортолук деңизден балык (сардина ж. б.) кармалып, көлмөлөрдө аны көбөйтөт.
2001–03-ж. И. экономикасы Палестина м-н куралдуу тирешүүгө, о. эле жогорку технология рыногундагы жагымсыз конъюнктурага байланыштуу кризиске дуушарланган. Экон. кризистен чыгаруу программасынын натыйжасында 2003-жылдын аягынан өлкөнүн чарбалык секторунда жандануу байкалган. Өнүгүү темпи б-ча И. батыш өлкөлөрүнүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунга чыккан. Азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын өзү камсыз кылат. А. ч-га жарактуу жери 297 миң га (2004; өлкөнүн аянтынын 14,3%и), анын 222 миң гасы айдоо жер, 71 миң гасы цитрус өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш бактарынын, гүл плантациялары, жүзүмзар ж. б. Сугат жери 194 миң га (2003); 1980-жылдардын ортосунан сууну
үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы
кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын негизги тармактары: куш, сүт ж-а эт багытындагы мал асыроо. 2006-ж. ар бир уйдан орто эсеп м-н 10,5 т сүт саап алынган.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. А. и. финансылык тейлөө (банккредиттик система), камсыздандыруу бизнеси, ишкердик ж-а адистик жактан тейлөө (маркетинг, лизинг, инж.-консультациялык, башкаруу жаатында ж-а компьютердик кызмат көрсөтүү), кыймылсыз мүлк м-н операция жасоо,


мамл. тейлөө тез темп м-н өнүгүүдө; тейлөө
чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн киреше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө ж-а туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005-ж. өлкөгө 1,9 млн чет элдик турист келген. Туризмдин башкы борборлору: Иерусалим, Вифлеем, Назарет, Хайфа, Тель-Авив, Эйлат, Жансыз деңиздин жээги.
И-де социалдык камсыздандыруунун ж-а саламаттыкты сактоонун өнүккөн системасы түзүлгөн.Калктынжашоодеңгээли(керектөөнү киши башына бөлүштүргөндө) 2004-ж. мурдагы эки жылга салыштырмалуу 3,5%ке өскөн. Орт. айлык акы 1539 долларды түзгөн. Балдардын
өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн орт. узактыгы: аялдардыкы 80,9, эркектердики 76,7 жаш.
Автомобиль жолунун уз. 17,6 миң км (2005).
Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим – Тель-Авив, Ашдод – Ришон-Ле-Цион – Тель-Авив – Нетанья – Хайфа. Т. ж. тармагы (жалпы уз. 853 км; 2005) Негев, Газа ж-а Иерусалимди Тель-Авив, Хайфа ж-а өлкөнүн түндүгү м-н байланыштырат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору аркылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хайфа – Родос – Пирей (Грекия), Хайфа – Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атн. (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив м-н Иерусалимдеги чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун уз. 896 км (2006), анын 442 кми нефть, 261 кми нефть продуктусу ж-а 193 кми газ куурлары.
2005-ж. экспорт 42,9 млрд, импорт 47,8 млрд
долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкспортко иштетилбеген алмаз, химия ө. ж-нын продукциялары, электрондук ж-а электр-тех. жабдуулар, көзөмөлдөө ж-а байкоо жүргүзүү
ө. ж. жабдуулары, мед. ж-а ил. из. жабдуулары, башка машиналар ж-а жабдуулар, о. эле а. ч. продукциялары, кийим, текстиль буюмдары чыгарылат. И. аскер куралдарын экспорттоо б-ча дүйнөдө 5-орунда (андан жылына 2,8 млрд доллар киреше түшөт). Импортун кыр чыгарылбаган алмаз, нефть продуктулары, хим. товарлар, күйүүчү-майлоочу материалдар, машина, жабдуу, аспаптар, курал-жабдыктар, буудай ж. б. түзөт. Негизги соода шериктери: АКШ, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Гонконг (Сянган), Швейцария, Кытай.
Маданияты
Билим берүү еврей коомчулугунда маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын сабаттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Израиль мамлекети кабыл алган алгачкы мыйзамдарында эле 6–13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5–6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамллекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана еврей салттарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бурулган. Израилде эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Иерусалимдеги Еврей университети (1925-жылы негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-жылы 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий- изилдөө борбору Реховото штатында 1949-жылы негизделген. 2006-жылы 20 жогорку окуу жайда 75 миң студент окуган. Израилде 500дөн ашык китепкана бар.
Израильде 150гө жакын музей бар, эң ириси Иерусалимдеги Израиль музейи (1965-жылы негизделген), белгилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) жана башкалар. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү басылмалар 1863-жылы Иерусалимде чыккан, 1869-жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чыгып турган. 2006-жылы Израилде 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, англис тилдеринде, 75–95 миң нуска), «Едиот ахронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдеринде, 300–750 миң нуска), «Джерузалем пост» (англис тилинде, 25–90 миң нуска) жана башкалар. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жылдан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүү жана радио каналдар иштейт. Израиль интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат.
Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жашаган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Израилде Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк батыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Израиль адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888–1970), А. Бараша (1889–1957) жана акындар А. Шлёнский (1900–1973), Л. Гольдберг (1911–1970) жана башкалар. 1980-жылдарда айрыкча А. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) романы, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этностук топтордун ичиндеги карама-каршылыктарды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер Х. Беер, Х. Бат-Шахар, Х. Эстердин чыгармаларында, араб кыштагынын турмушу иврит тилинде араб христиан акыны А. Шаммастын
«Арабески» романында чагылдырылган.
Израилде араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, В. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губерман, Д. Рубина, А. Горенко жана башкалар) адабият өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакталып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (биздин заманга чейинки 10–8-миң жылдыктар), эрте неолит доорунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолиттик шаар калдыктары, Израиль жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бейсан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (биздин заманга чейинки I кылым – биздин заманга чейинки IV кылым).

Ошондой эле, байыркы синагогалардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таандык – Вифлеемдеги Рождество храмы, Иерусалимдеги Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет- Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Арабдар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль- Мафджар ак сарайы (VIII кылым), кресттүүлөр доорундагы (XI–XIII кылымдар) эстеликтер жана башкалар сакталып калган. XIX кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байкалат. Тель-Авив шаары (1909-жылы негизделген) шотландиялык архитектор П. Геддестин планы менен курулган. XX кылымдагы христиан храмдары италян архитектору А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) жана башка архитекторлор тарабынан тургузулган.

XX кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манндын Концерттик залы (З. жана Я. Рехтер, Д. Карми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Шарон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) жана башкалар курулган. 1950-жылы композиторлор мектеби жана аткаруу чеберчилиги өнүгө баштаган. 1948-жылы Израиль филармониясы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат- Ган» оркестри, Хайфа симфониялык оркестри, улуттук опера театры, 1950-жылы «Инбал» музыкалык театры уюштурулат. 1958-жылдан Тель-Авивде Израиль улуттук театры иштейт. Израилдин биринчи толук метраждуу көркөм тасмасы («Убактылуу элдешүү», режиссёру А. Амар) 1950-жылы тартылган. Тел-Авивде эки, Иерусалимде бир киностудия иштейт.
Ад.: Государство Израиль. Справочник. М., 1986; Федорченко А. В. Израиль: проблемы экономического развития. М., 1990: Симановский С. И., Стрепетова М. П. Израиль. М., 1995; Зарецкая З. Феномон израильского театра. Иерусалим, 1997; Федорченко А. В. Экономика переселенческого обшества (израильская модель). М., 1998; Крюков А. А. Израиль сегодня. Страноведческий словарь-справочник. М., 2000; Краткая еврейская энциклопедия В. 10 т. Иерусалим; М., 1996–2001; Звягельская И. Д., Карасова Т. А., Федорченко А. В. Государство Израиль. М., 2005, Израиль // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.