КАЛАМБУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:55, 31 Июль (Теке) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАМБУ́Р (французча calembour – сөз оюну) – азил­-тамаша сөздөр жана окшош үндөштүктөн чыккан сөз оюну; маанилери жагынан ар башка, бирок айтылышы жана жазылышы боюнча бирдей сөздөрдүн, сөз айкаштарынын тыбыштык ок­шоштугуна, үндөштүгүнө негизделип курулуучу стилдик ыкма. Орус адабиятында каламбурлук уйкаштар А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Д. Минаев, В. Маяковский жана башка акын-жазуучулардын чы­гармаларында кездешет. Каламбур өнөрү түрк элдеринин (мисалы, өзбек, уйгур, түркмөн, азербайжан) оозеки, ошондой эле классикалык жазма поэзиясында кеңири тараган. Кыргыз поэзиясында көбүнчө балдар фольклорунда кездешет, мисалы, «Төлдүн башы куба кой, жаныбарым тура кой» (А. Осмонов, «Кой төлдөтүү»). Каламбур көркөм текстте куудулдануу, туу­роо жана башка максаттарда да пайдаланылат.